Айдын орбитасындагы өзгөрүү Жерде массалык суу ташкындарын пайда кылууда

14 июля 2021 09:50 472 Barometr
Поделиться в:
ok

2030-жылга чейин Ай планетадагы суулар менен деңиздердин деңгээлине канчалык таасир бере турганын жаңы изилдөө аныктады. Бул тууралуу Nature Climate Change журналына жарыяланган иликтөөгө шилтеме менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган журналган жарыяланган жаңы изилдөөдө планетада климаттын өзгөрүшү жана жакындап келе жаткан Айдын циклинин өзгөрүүсүнө байланыштуу масштабдуу суу ташкындары болору жазылган.Мисалы 2030-жылга чейин Айдын орбиталык цикли термелгендиктен суу ташкындары жогору болору күтүлүп жатат.

“Айдын орбитасынын Жердин айланасында мындай “термелүүсү” ар бир 18,6 жылда бир болуп турат. Азыркы учурда Ай суунун агымын күчтөндүрүп жатат, мындан улам сел кырсыктары көбөйүүдө. Глоболдык жылуулук менен Айдын цикли суу ташкындары боюнча аймактык маселени улуттук маселеге айландрышы толук мүмкүн”,-деп айтты Гавая университетинин доценти Фил Томпсон.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajdyn-orbitasyndagy-zgr-zherde-massalyk-suu-tashkyndaryn-pajda-kyluuda



Добавить комментарий