Айдын кызы айчүрөк болсоңуз дагы мырзаңызга көйгөйлөрүңүздү айтпаңыз

11 декабря 2019 16:09 19634 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзүңдүн сүйүктүү мырзаң менен эмнелер жөнүндө сырдашуунун кажети жок:

1.Сиздин ооруларыңыз

Күнүгө эле бул жерим же тиги жерим ооруп жатат деп какшай берүү кээ бир учурда айрым бир мырзаларды бир кыйла деңгээлде ирээнжитип, анын сүйүктүү жарына болгон сүйүү сезимдерин бара бара төмөндөп, өчүп калууга алып келиши ыктымал. Капысынан өзүңүзгө дем жетпей, дем алууңуз кыйындап, өзүңүздү жаман сезип сезсеңиз, мүмкүн болсо мындай учурларда биринчилерден болуп  дарыгерге же туугандарыңызга билдирүүгө аракет кылганыңыз туура чечим. Же болбосо жаныңызды кыйнабай, төшөкө тынч жатып ал күнү эс алыңыз, антпесеңиз сексулдык жашооңуз басаңдап, өнөктөш ортосунда пикир келишпестиктер, түйшүктөр башталат.   

2. Мурдагы жигиттер

Айымдар мурдагы жактырган жигиттерин жашыруун сакташып, сыр билгизишпейит бул  үчүн эң туура чечим, анткени эркек эч качан мурдагы махабаттар жөнүндө билбеши керек. Сүрөт, белектер, каттар эч нерсени көрсөтүүгө аракет жазабаңыз.

3. Айымдын көйгөйлөрү

Кооптуу делген күндөрү, төрөт мезгилдери, бала эмизген учурлар, жыныстык органдарынын ооруларын жана башка аялдын көйгөйлөрүн жакын курбуңүз менен, же дарыгер, же апаңыз  менен бөлүшкөнүңүз туура, мындай маселелердин ыкый чыкыйына чейин эркектин билиш кажети жок. Эгер билсин деп айткыңыз келсе кыска, жалпысынан эле билдирип коюңуз.

4. Сиздин сулуулугуңуз кетти, карыган, сулуу эмессиз

Көпчүлүк айымдар мен карып бара жатам, ырайым кете баштады, сулуулугум кетти деп өзүнүн мырзасына какшап айта берет. Сүйүктүү мырзам мени аяй баштайт деп ойлошот, бирок такыр андай эмес, тескерисинче мындай трюк жарабайт. Айдын кызы айчүрөк  болсоңуз дагы, мырзаңыз сизден кооптоно баштайт, чын эле сүйкүмдүүбү деген сыяктуу. Айым эч качан мырзанын көзүнчө өзүнүн кемчиликтерин, өзүнүн терс сапаттарын талкуулап, айпашы керек.

Ссылка: https://barometr.kg/ajdyn-kyzy-ajchrk-bolsouz-dagy-myrzayzga-kjgjlrzd-ajtpayz



Добавить комментарий

  • Эдельвейс 4 года назад
    Мен такыр кошулбаймын Ким жазса да акылы жок экен... Мындай ойду акылы жок женил ойлогон эркектер кана ойлойт... А чыныгы эркек ойдодо обок ылдыйда жолок болуш керек,анткени аял заты алсыз Жана назик. Жана коп максаттарыбызга жетпей,уйбулобузду ойлоп чектеп коебуз!
  • Чё за тупая статья? Бир жерин ооруса акырын жат дегени эмнеси? Олсон да эркеке оорунду салбай ол дегениби? Карангычылык. Автордун коз карашы аябай тар экен