Айдоочуларга эскертүү. Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү жабылды

6 марта 2019 17:44 2260 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектисине убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Аталган маалыматка таянсак, электр берүү линияларынын түркүктөрүн башка жерге которуп жайгаштыруу иштерине байланыштуу Жибек жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн Республиканская көчөсүнө чейинки аралыгында унаа кыймылына чектөө киргизилди.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, оңдоо иштери Жибек Жолу көчөсүн кеңейтүүгө байланыштуу жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochularga-eskert-zhibek-zholu-prospektisinin-bir-blg-zhabyldy



Добавить комментарий