Айдар Акаевдин кыркылыгы менен ашы Кеминде болот
Эгемендүү Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев уулу Айдар Акаевдин кыркылыгы менен ашы Кеминде өтөт. Мындай чечим маркумдун сөөгү Москвага берилгенден кийин анын үй-бүлөсү жана туугандары тарабынан кабыл алынганын Акаевдердин үй-бүлөсүнө жакын Токтайым Үмөталиева “Барометр” агенттигине билдирди.
Эске салсак, Айдар Акаевдин каза болгону боюнча маалымат 6-февралда тараган. Маркум 10-февралда 44 жашка толмок. Анын сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүнө коюлду.
Айрым активисттер анын сөөгүн Кыргызстанга коюуга уруксат берүү керектигин айтып чыгышкан болчу.
Үмөталиева андан сырткары Аскар Акаевге көз көрсөтүү үчүн Кыргызстандан Апаз Жумагулов дагы барганын кошумчалады.
“Апаз Жумагулов аксакал дагы барып көз көрсөттү. Ошондой эле ал жактагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, кыргызстандыктар көз кеөрсөтүп келишти. Айдар Акаевдин жетилиги 10-февралда өттү. Кыркылыгы марттын ортолорунда болот”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/ajdar-akaevdin-kyrkylygy-menen-ashy-keminde-bolot
Добавить комментарий ×