Айдар Акаевди жерге берүү зыйнатында фото-видеого тартууга уруксат берилген жок

8 февраля 2020 18:24 1404 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев сөөгү бүгүн, 8-февралда, Москва Троекуров көрүстөнүнө коюлду.

Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлүнүн айтымында, Аскар Акаевдин үйүнө боз үй тигилип, Айдардын сөөгү ошол жерден чыккан. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Акаевдин жакын туугандары, жоро-жолдоштору келген.

Акаевдин үй-бүлөсүн жана туугандары тажыяда сүрөт-видеого тартпоону суранышкан.

Эске салсак, Айдар Акаевдин каза болгону боюнча маалымат 6-февралда тараган. Маркум 10-февралда 44 жашка толмок.

Айрым активисттер анын сөөгүн Кыргызстанга коюуга уруксат берүү керектигин айтып чыгышкан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ajdar-akaevdi-zherge-ber-zyjnatynda-foto-videogo-tartuuga-uruksat-berilgen-zhok



Добавить комментарий