Айчырайлуу Айгерим Расул кызы казакстандык олигархтын кызыбы?
Өзүнүн ачык-жагымдуу образы менен Кыргызстанга таанымал Айгерим Расул кызы сахнада ырдап чыкканына 25 жыл болду. Учурда атасы Расул Маматкулов менен бирдей популярдуулукка жеткени калды.
Адатта, кыргызда элге башы көрүнгөндүн баарынын эле артынан ар кандай сөз ээрчийт. Анын сыңары Айгеримди чыныда эле Расул Маматкуловдун өзүнүн кызыбы? деген ушак а, деп элге белгилүү болгон күндөн бери айланып жүрөт.
Айгерим кайсы бир маалымат каражатына берген маегинде өзүнүн өмүр-жолу жөнүндө айтып кеткен эле.
“Бир жолу мага казакстандан бир олигарх келип, мен анын кызы экенимди айткан. Чындыгында кайсы бир жылдары анын Айгерим аттуу кызы жоголуп кеткен экен. Кийинчерээк менин дисктеримди көрүп, интернеттен мен жөнүндө маалыматтарды алып, мени алып кетүүнү каалаган. Бирок мен эч ишенгеним жок, мен өзүм гана кимдин кызы экенимди билем. Мен – Расул Маматкуловдун гана кызымын”, - дейт миллионер-ырчы.
Эскерте кетсек, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында Айгерим Расул кызы instagram баракчасындагы катталуучусу бир миллионго жеткен үчүнчү ырчы болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ajchyrajluu-ajgerim-rasul-kyzynyn-kazakstandyk-oligarhtyn-kyzyby
Добавить комментарий ×