Айчүрөк Иманалиева менен Жанин Ахунжанованын чыры. Толгонай өз версиясын айттып берди. Ырчылардын кимиси калп айтууда?
Маалым болгондой, ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Жанин Ахунжанованын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, ортодо чоң шоу-бизнестин чырына айланды. Ахунжанова "Иманалиеванын үйүнөн кордук көргөнмун" десе Айчүрөк айым мунун баарын четке кагуудан тажабай келет. Алар социалдык тармактагы баракчалары аркылуу гана урушпастан маселелерин телефон аркылуу да сүйлөшүшүп Иманалиева аларды да жеке баракчасынан бөлүшүп жаткан. Ал ортодо Жанин айым Толгонай аттуу кыздын байланышка чыкканын жана ал да Иманалиевадан кордук көргөнүн айтты деген билдирүү калтырган. Бирок бүгүн аты аталган Толгонай айым Barometr.kg редакциясына байланышка чыгып аталган маселе боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.
“Мен Айчүрөк эженин үйүндө 1995-1996-жылдары жашагам, ошол учурда 16-17 жаштагы балдар элек. Эжеден эч кандай кордук көрбөгөнүмдү айткым келди. Себеби мен Жанин Ахунжановага байланышканда анын ичиндегисин билүү үчүн ошондой ыкма колдонууга туура келди. Өзүм Москвада жашайм. Менин деле балам бар кызым бар, алар бир нерсени туура эмес жасаса урушуп коём. Балам окууну бүтүп жатат анын жакшы болсун деп кээде кол көтөрүп деле коюшум мүмкүн. Айчүрөк эже деле бизге эне өз баласына кылгандай мамиле жасачу”, -дейт Толгонай.
Ага кошумча ал Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жүргөндө кээде түнкү клубдарга барам десем же бой жеткен кыз болуп жигит жандап калсам “энеси жок кыз” деген сөзгө каласың, өзгөрүп баратасың деп тарбиялап койгонун кошумчалады.
Бирок Толгонай Иманалиева менен жашап жүргөндө жөн гана ырчынын жанында чогуу жүргөн жаккан үчүн гана жашаганын жана ырдап же бийлеп чыгам деп жада калса кыялданбаганын айтты.
Каарман өз сөзүндө:
“Биз эженин үйүндө жашап жүргөндө бөлүнүп отуруп чай үчүү же ачка калуу деген түшүнүк болгон эмес. Айрым учурларда Иманалиева өзү бизге салаттарды жасап берчү. Эжени эстегенде менин оюма терс пикир келбейт. Дайыма жакшы нерселерди, кызыктуу күндөрдү эстейм. Бүгүнкү күнгө чейин тыгыз байланыштабыз, жоолукпасак да чалып ал акыбал сурашып турабыз”, -деп кошумчалады Толгонай.
Белгилей кетсек, Айчүрөк Иманалиева аталган айымдын сүйлөгөн сөздөрүн да жаздырып алып эл менен бөлүшкөн.
Фамилиясын айткысы келбеген Толгонай учурда балдары, үй-бүлөсү бар болгон үчүн аталган чырга мындан ары да кошулгусу келбегин жана кандай болгон күндө да баары түшүнүшүү менен аяктаарына ишенээрин белгиледи.
Ал ортодо Жанин Ахунжанова өзүнүн инстаргам баракчасын белгисиз бирөөлөр ачып алып ырчы жүктөгөн сүрөттөрүн жана Айчүрөк Иманалиева тууралуу жазылган посттордун баарын өчүрүп салгандыгын кабарлады. Ырчынын пикиринде анын баракчасынын ачылып алынышы да буйрутма болгон.
Түз эфир учурунда окурмандардын биринин “Толгонай келдиби?” деп узаткан суроосуна ырчы:
“Толгонай Айчүрөккө акчага сатылып кетти”, -деген жообун берди.
Ал эми Айчүрөк Иманалиева:
“Толгонайдын мага чалып айтканын ...баары жалган экенин озунор угуп жыйынтык чыгараарсыздар...”, -деп сөзүн жыйынтыктады.
Добавить комментарий ×