Айчүрөк Иманалиева: "Кордук көргөн кандай болоорун Алла таалам өзү көрсөтсүн"

6 июня 2019 15:16 8668 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Шоу бизнестин өкүлдөрү, ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Жанин Ахунжанованын чыры дагы да уланууда.

Маалым болгондой, буга чейин Иманалиева ырчы Анжелика менен да бир топ убакытка чатагы чейин уланып, ортодо ар кандай кептер айтылган. Анын уландысы ушул күнгө чейин токтобой келет. Айчүрөк Иманалиева өткөн жылы жаңы авто унаа сатып алганда “Анжеликага атаандашып унаа сатып алды” деген кептер чыккан эле, бирок ырчы бул сөздөргө эч кандай комментарий берген эмес. Баары тынчыды деп турганда Жанин Ахунжанованын “Айчүрөк эженин үйүндө кордук көрдүм” деп берген интервьюсу кайра баарын ырбаткан. Иманалиева бул маекти “буйрутма” деп бир нече жолу айтканына карабай Жанин өзүнүн чындап кордук көргөнүн айтууда.

Окуя өнүгүп бараткан жеринен бир аз тынчып калганына карабай Айчүрөк айым кайрадан:

“Ушул машинабызды алган күндөн баштап кээ бирөөлөр уйкусунан качып жакшы жомок ойлоп табалбай... 25 жыл мурун Айчүрөктүн 6 жашар баласынан кордук көрдүм деп жар салган адепсиз аялды алып чыгышты. Кудайдын улуу күнүндө тилегиңе жет, кордук көргөн кандай болоорун Алла таалам өзү көрсөтсүн”, -деп унаасынын видеосу менен бөлүштү.

Айчүрөк Иманалиева бул сөздөрүн кимге арнап айтып жатканын айтпаса да окурмандары билип түшүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/ajchrk-imanalieva-korduk-krgn-kandaj-boloorun-alla-taalam-z-krstsn



Добавить комментарий