Айбек Карымов президент Сооронбай Жээнбековго кандай билдирүү калтырды?

28 май 2019 17:04 4941 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы Айбек Каримов президент Сооронбай Жээнбековду колдоого алган билдирүүсү менен бөлүштү. Карымов өз сөзүндө:

“Жашоомдо жакшы көз ирмемдер арбын эле болду. Жакшылыктарым көп эле болду. Чыгармачылыктын түйшүгүн тартып кыйла жыл жүрдүм.Төрт президент көрдүм. Сооронбай Шарипович Жээнбеков 5-президентибиз. Акыры мен 5-президентимдин колунан наам алдым. Бирок мурда деле алууга абдан аракет кылып жүрүп майнап чыгара алган эмес элем. Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мен сизге өмүр бою терең ыраазымын! Азыркы учурда сиздин аброюнузду бузуп жаткан чиновниктердин жолу болсун дээр элем. Урматтуу президентим! Кадрдан адашпасаныз экен тилей берем. Эми калппы чынбы Мухамметкалый Дуйшекеевич ХИТ боло баштады. Кудайым сизге ден соолук, ишинизге ийгилик, кадр тандоодо кыраакылык берсе экен!”, -деп өзгөчө билдирүү калтырган.

Бул тууралуу Айбек мырзанын пикирип билүү үчүн Barometr.kg редакциясы байланышка чыкканда ал:

“Сүрөттү мен “Эмгек сиңирген ырчы” наамын алганда түшкөнбүз. Чындыгында акыркы учурларда президентибиздин айланасында ар түрдүү сөздөр көбөйүп кетти, ошолор тууралуу жазгым келди. Адамдар да башка кызматкерлердин жаңылыштыктарын президентке шылтап Сооронбай Шариповичтин дарегине ар кандай сөздөрдү айтып жатышат, ошого бир аз өкүнүп да турам”, -деди Карымов.

Ссылка: https://barometr.kg/ajbek-karymov-sooronbaj-zheenbekovgo-zgch-kaaloo-ajtty-kadrdan-adashpasanyz-eken-tilejm-kalppy-chynby-muhammetkalyj-dujshekeevich-hit-bolo-bashtady



Добавить комментарий