Айбек Карымов Ишеналы Арабаев атындагы университеттин бир аудиториясын ремонттоп берди

24 сентября 2019 15:47 3288 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы, обончу, ишкер Айбек Каримов сахнадан алыстаганы менен коомдогу актуалдуу маселелерден артта калбай өз пикирин билдирип келет.

Ал саясатка аттанып, Кыргызстанга белгилүү бир саясый гезитке ээлик кылып, ишкерлик менен алектенип жүргөн кези.

Кечээ фейсбук баракчасына өзү билим алган Ишеналы Арабаев атындагы университеттин бир аудиторисын ремонттоп берем деп убада бергенин, ошол окуу жайдын аудиториясын оңдогонун, студенттер менен жолугуп сүрөткө түшкөнүн жазды:

“Өткөндө бир жакшылыкта Кадыраалы Артыков агайыбызга өзүм окуган университеттин аудиториясынын бирин ремонттоп берейин деп убада бердим эле. Бугун студенттер менен жолугушканча ремонту бүткөн класска кирип, эстеликке бир сүрөткө түштүк”,-деп билдирди Карымов.

Ссылка: https://barometr.kg/ajbek-karymov-ishenaly-arabaev-atyndagy-universitettin-bir-auditoriyasyn-remonttop-berdi



Добавить комментарий