Айбек Карымов чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата 4 жылкы сойду

14 июля 2018 20:00 7152 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Айбек Карымов сахнада жүргөнүнө 25 жыл болуптур деп туулуп-өскөн жерине барып, элдерден бата алып, чоң той өткөрдү. Бул тууралуу Карымовдун келинчеги Гүланда өздүк баракчасына жазды. Ал "Көптөр сурап жатышат эмне той болду деп, сурооңуздарга жооп берейин. Айбек Карымовдун чыгармачылыгына 25 жыл болуптур. Чыгармачылыкка аттанганда биринчи өзү жашаган айылынан, эдерден бата алып баштаган. Эми ошол элге барып той кылып бердик. Көк бөру, ат чабыш, күрөш, аламан байге оюндары ойнотулду. Байге фондуна бир жарым миллион сомдук үч машине коюлду. Андан сырткары эки миңдей адамга тамак-аш тарттык. Бишкектен 150 дөй достор келди. Төрт жылкы союлду. Көк бөрү оюндарына он эки команда катышты. 50 дөй балбандар келип күрөштү. Ырчылар, акындар келишти. Кыскасы ушундай той болду"- деди. 

Ссылка: https://barometr.kg/ajbek-karymov-chygarmachylygynyn-25-zhyldygyna-karata-4-zhylky-sojdu



Добавить комментарий