Айаал Лазарев Олимпиадан оюндарын аяктады
Кыргызстандын эркин күрөш стилиндеги балбаны Айаал Лазарев Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарын аяктады.Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Кыргызстандык балбан 5-августта 125 кг салмакка чейинки категорияда турнирге катышкан, ага 16 спортчу катышкан.
1/8 финалында Лазарев АКШнын балбаны Дэн Гейбл Стивенсон менен кармашып, 0:10 эсебинде жеңилген.
Америкалык чейрек финалда түркиялык Таху Акгулду, ал эми жарым финалда монголиялык балбанды уткан.Мындан улам Лазарев жайгаруучу турнирде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Бүгүн, 6-августта жайгаруучу турнирдин биринчи беттешинде Лазарев Түркиянын балбаны менен күрөшүп, 0:4 эсебинде утулуп, медаль үчүн күрөшүү мүмкүндүгүнөн ажырады.
Ссылка: https://barometr.kg/ajaal-lazarev-olimpiadan-oyundaryn-ayaktady
Добавить комментарий ×