Аида Салянованын иши Жогорку сотто каралат
5-сентябрда Жогорку соттун соттук коллегиясы мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантат. Бул тууралуу Аида Салянованын жакындары социалдык тармакта жарыялашты. Процесске буга чейин үй камагына чыккан Аида Салянова катышары кабарланды.
Аталган ишти сот жаңы кодекстерге негиздеп кайра карамак. 24-июлда башталган отурум 1-августка жылып, ал күнү да каралбай калган.
Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.
2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.
Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова өзүнө «саясий буюртма» менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу 3-июлда камакка алынып, тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн 15-августта үй камагына чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanovanyn-ishi-zhogorku-sotto-karalat
Добавить комментарий ×