Аида Саляновага Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери барышты

4 июня 2019 10:25 3552 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча кармалган экс-башкы прокурор Аида Саляновага Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери барышты. Бул тууралуу аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

 “Азыр биздин кызматкерлер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына барышты”,-деп кабарлады ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 3-июнда экс-башкы прокурор Аида Салянова 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Саат 15:00дө экс-башкы прокурор Аида Салянова Ички иштер министрлигине Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча суракка чакырылган.Салянованы Башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова жана экс-атайын прокурор Майрамбек Акматалиев менен беттештиришкен. Бул беттештирүүдөн соң Аида Салянова кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanovaga-kyjnoolordu-aldyn-aluu-uluttuk-borborunun-kyzmatkerleri-baryshty



Добавить комментарий