Аида Салянова: "Мен 73 күн камакта чындык жеңет деп күттүм"

16 августа 2019 08:20 1937 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Экс-генпрокурор Аида Салянова социалдык тармактан кыргызстандыктарга кайрылды.

Кечээ, соттун чечими менен Салянова камактан бошотулган.

"Урматтуу мекендештер,  туугандар!

‌Сиздердин ак батаңыздар менен бүгүн кызымды кучактап отурам! Колдоо көрсөткөндөрүңүздөр үчүн башымды ийип, таазим кылам. Ар бириңиздерге жолугуп ыраазычылыгымды жеке билдиргенге Кудайымдан насип кылуусун тилейм.

‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан,  ага жан тартканымдан отурган жокмун.  Ал ага татыксыз.  Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар - мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды.

‌Операцияга даярдануудан улам Сиздер менен бир нече убакыт байланышта боло албайм.  Дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем.  Аман болуңуздар!", - деп жазды Салянова.


Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanova-men-73-kun-kamakta-chyndyk-zhenet-der-kuttum



Добавить комментарий

  • Ак ийилет,бирок сынбайт!
  • Сизди абактан чыгышыныз м--н куттуктайм!!!Сиздей айымдар коп болсун!!! Сизди мен телевизордон суйлоп жатканда кадимки Сайкал айымды,Курманжан датканы,элестетчумун!!!
  • Аялдардын туусу болгон менин АИДАМ Бар бол мындан аары ден соолугун чын болсун. Аялдар дайым сени менен.