ИИМ: Аида Салянова үй камагына чыкты, тергөө менен кызматташууга макул болду

16 августа 2019 09:50 1465 Barometr
Поделиться в:
ok

Аида Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата бөгөт чарасы өзгөрүлдү. Азиз Батукаевди эркинен ажыратуу  жайынан  мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими менен  А. Саляновага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

15-август күнү Аида Салянова Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн алынып келинген.

Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жактоочусунун катышуусунда А. Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирди. Ушуга байланыштуу, жаңы мыйзамга ылайык башында тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөрүлдү.


Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanova-j-kamagyna-chykty



Добавить комментарий