Аида Касымалиева Токтогул районунда бир катар социалдык объектилерди кыдырды

26 марта 2019 16:28 2556 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-спикер Аида Касымалиева 25-мартта Токтогул районуна иш сапары менен барып, анын келип кетүүсүн суранган эл менен жолугуп, бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Алсак, Терек-Суу айылындагы “Кызгалдак” балдар бакчасынын, С.Нурманбетов атындагы орто мектептин, А.Мамыров атындагы орто мектептин жана Токтогул райондук аймактык оорукананын абалы менен таанышты. Жогорудагы объектилердин арасынан А.Мамыров атындагы орто мектептин абалы депутат айымды кооптондурду. Себеби, Торкен айыл аймагындагы А.Мамыров атындагы орто мектеби 3 корпустан турат. 1-2-корпусу 1974-жылы курулган, СельПОнун конторасы жана магазин болгон. 3-корпусу 1991-жылы ашар жолу менен фундаменти таш ылайдан, дубалы топурактан курулган. 2017-жылы мектептин имараты авариялык абалда экени туурасында ӨКМнин корутундусу чыгарылган. Имараттын фундаментинде жана дубалдарында жаракалар сыртынан көрүнүп турат.

Полдору чириген, үстүнөн жаан жааган сайын тамчы өтөт, дубалдары эскилигинен ным тартып, класстык кабинеттер көк жыттанып турат. Мектеп жыл сайын оңдоодон өтүп, сырдалып, акталганы менен мектептин ички курулуш материалдарынын, конструкцияларынын аткаруу мөөнөтү аяктаган.

Мындай мектептин абалына күбө болгон вице-спикер Аида Касымалиева “Аманкан Мамыров атындагы бул мектепте 596 окуучу билим алып, окуучулар үч-үчтөн олтуруп, үч сменде окушат экен. 33 мугалим эмгектенет. Анткен менен, класстар абдан тар, ным жана сыз экени байкалып турат. Чындыгында ашар жолу менен эл өзү куруп алган корпустун абалы өтө оор экен. Бул корпуста башталгыч класстын окуучулары билим алары да мени ойлонтуп койду. Андыктан, бүгүнкү күндө 320 орундуу жаңы мектеп куруу зарылчылыгы бар экенин мугалимдер, жергиликтүү тургундар суранып жатышат” деген оюн билдирип, тез арада Өкмөт тарабынан бул маселеге көңүл бурулушу керектигине токтолду.

Андан соң, “Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” демекчи, депутат айым Аида Камчыбековна Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чолпон-Ата айылында жайгашкан Токтогул Сатылгановдун музейи менен таанышып, ага жакын жайгашкан Токтогул атабыздын күмбөзүнө барып куран окутту. Ушундан улам, касиеттүү Токтогул атабыздын арбагы ыраазы болуп, руху-духу эл үчүн кызмат кылууга белсенген уул-кыздарын колдоп турса деген тилектебиз.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalieva-toktogul-rajonunda-bir-katar-socialdyk-obektilerdi-kydyrdy



Добавить комментарий