Аида Касымалиева Таалайкүл Исакунова чет жака үй бүлөсү менен бирге чыккандыгын тастыктаган маалыматтарды жарыялады
Депутат Аида Касымалева менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованын ортосундагы чыр дагы деле токтой элек. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева министрдин айымдын чет жактагы жумушчу сапарлары аны үй бүлө мүчөлөрү менен чыккандыгы тууралуу маалыматтарды жарыялады. Депутат минитср айымдын бардык сапарлары анын жолдошу, баласы менен коштолгонун билдирди.
“Мен мындан эки жума мурда министр айымдан комитет жыйынында “үй-бүлөңүз менен чет жака чыктыңыз беле” деп сурагынымда ал “жок” деп жооп берген болчу. Баардык сапарлары анын жолдошу, баласы менен чыккандыгы дал келүүдө. Молдоев Эдилбек, Молдоев Тилек башка баласынын аты-жөнүн биле алган жокмун”, - деп жазды Касымалиева.
Муну менен катар эле депутат министрдин кызмат абалын пайдаланып конференцияларга катышпастан мамлекеттик бюджеттин эсебинен үй-бүлөөсү менен чет жака чыгуусу бул мамлекеттик кызматтын этикасын бузганганын белгилеген. Эл өкүлү берген маалымат боюнча Таалайкүл Исакунова Женева Швейцариядагы эле аралык конференцияга баргандыгы буга малекеттик бюджеттен 173 197 сом бөлүнгөн. А бирок министр айым бул жолугушууга катышкан эмес.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын чет жактагы сапары тууралуу документтерди жарыялап, дипломатиялык паспортторду жеке максаттарына пайдаланганны айткан.
Добавить комментарий ×