Аида Касымалиева: КСДП бир адамдын менчиги эмес, ал атадан балага өтпөшү керек

18 января 2020 18:50 11571 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жакында эле Кыргызстанга келип кеткен "Социнтерн" эл аралык бейөкмөт уюмунун башчысы Луис Айаланын сапары тууралуу жазып, КСДПнын айланасындагы айрым маселелерге токтолду.

Касымалиеванын жазашынча, ал Айаланы 15-январда Бишкекке келгенде тосуп, алып кайта 18-январда аэропортко чейин узатып барган.

Вице-спикер Касымалиева Луис Айала президент Сооронбай Жээнбеков, КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов менен жолукканын жазды. Бирок бул жолугушууларды президенттин жана фракциянын маалымат кызматы ашынып деле жарыя кылбагынан белгиледи.

Луис Айала андан сырткары экс-президент Роза Отунбаева менен жолугушкан. Алар аябай жылуу баарлашып, бирок Отунбаеванын деле тарапташтары эч кандай маалымат таратпаганына токтолду.

Айала КСДПнын дээрлик тыңчыкмалары менен жолуккан. Арасында Сагынбек Абдрахманов да бар. Башка активдер Айалага партиянын жолугушууларынын протоколдорун, сүрөт-видеолорун көрсөтүшкөн. Ага партиянын ички маселеси бир топ эле олуттуу экенин көрсөтүүгө аракет кылышкан. Касымалиеванын жазышынча, Айала ага көрсөткөн документтерден улам маселенин орчундуу экенин түшүнгөн.

Төраганын орун басары Айала Бишекекке болгон сапарынын үчүнчү күнү "Апрель" телеканалынын өкүлдөрү менен жолукканын жазып, каналда иштегендер аны "Форумдун" имаратына алып барып, спекталь кылышканын белгиледи.

"Ал жактан спектакль кылышты, аларды ал жактан эч ким киргизбей турганын эң сонун билишкен. Аны партиянын штабына алып барышты. Албетте, заңгыраган хан сарай. Ал аз келгенсип, ушундай жарыбаган жерде байырлоого аргасыз экенин айтып ыйлашты", — деп жазды ал.

Касымалиева Facebook баракчасына жазган билдирүүсүндө, Луис Айала ага аны мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө алып барганын айтканын баса белгилеген.

КСДПдагы кыйын кезең

Вице-спикер КСДПга 2015-жылы гана кошулганын айтып, партиянын тизмеси менен шайланып келгенине токтолду.

"Бирок мен бир нерсени так билем: партия атадан балага өтпөшү керек. Мындай сөздү Лиус өзү айтты. Анткени ал "Хаятт" мейманканасынан чыгып жатканда Кадыр Атамбаев келди. Айала адамкерчилик менен мамиле кылып, дүйнөдөгү бардык адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тынчсызданарын түшүнсө болот. Бирок көңүл айтуу бул башка. Тарых менен саясат таптакыр башка", — деп жазды ал.

Касымалиева андан сырткары партия бул жеке менчик болбошу керектигин, партия бул "Форум" эместигин жазып. Партия бул он миңдеген адамдардын тагдыры. Бул Жээнбеков, Өмүркулов, Отунбаева, Абдахманов жана миңдеген башка кишилер экенине белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalieva-ksdp-bir-adamdyn-menchigi-emes-al-atadan-balaga-tpsh-kerek



Добавить комментарий