Аида Касымалиева Барак Обаманын купулуна толду. АКШнын экс-президенти бул тууралуу соцтармактарга жазды

3 июня 2019 11:08 1814 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын экс-президенти Барак Обама соцтармактардагы өзүнүн баракчасына жазып, «Ачык өкмөт» өнөктөштүктүн глобалдык саммитине дүйнөнүн бардык тарабынан келип катышкан жаш лидерлер өзүң шыктандырганын айтты.

 Ал өз билдирүүсүндө жума күнү жаш лидерлер менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеп, «Кыргызстандан Аргентинага чейин  жаңы муун көбүрөөк акылдуу жана мыкты өкмөт түзүү үчүн башкалары  өнүктүрүү жана жаңы технологияларды колдонуу  менен башкаруунун тизгинин алып жатканын көрүп жатабыз. Бул шыктандырат. Алар бардыгыбыз үчүн мыкты дүйнө кура алышат ", - деп жазды Барак Обама. Ошондой эле ал саммиттеги сүрөттү жарыялады. Анын жанында кыргыз парламентинин депутаты Аида Касымалиева отурат.

Өз кезегинде Аида Касымалиева дагы “Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызга атыбызды айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коеюн дедим. Айтор, эмоция көп!”,-деген пикирин жазып, Обаманы Кыргызстанга чакырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Канадада өтүп жаткан саммитте дүйнө жүзү боюнча тандалып алана лидер аялдар тууралуу тасманын бет ачарына катышып, сөз сүйлөдү.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalieva-barak-obamanyn-kupuluna-toldu-akshnyn-eks-prezidenti-bul-tuuraluu-soctarmaktarga-zhazdy



Добавить комментарий