Аида Касымалиева: Дени сак эне-дени сак улут

16 июля 2019 12:32 1514 Barometr
Поделиться в:
ok

Алай районунда жаңы төрөлгөн балдардын саламаттыгы, боюнда бар энелердин ден-соолугуна кам көрүү боюнча жыйын болду.

Талкууга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Айнура Осмонова, Айнура Аскарова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар, саламаттыкты сактоо кызматкерлери катышты.

Аида Касымалиева бүгүнкү күндөгү миграциянын агымы келечек муундарга терс таасирин тийгизээрин билдирди.

"Орто мектепти жаңы эле аяктаган улан-кыздарыбыз башка мамлекеттерге барып, ар кандай шартта иштегендиктен ден-соолуктарына көңүл бурбай калышууда. Анын кесепетинен майып балдар төрөлүп жатат. “Дени сак эне-дени сак улут” деп бекеринен айтылган эмес. Мындан сырткары жаш энелер жаңы төрөлгөн балдарын туугандарына таштап, акча табуу үчүн кетип жатышкандыктан, балдар ата-эне мээримине муктаж болуп чоңоюп жатышат. Бул көйгөйлөр келечекке чоң таасирин тийгизет",-деди Аида Касымалиева.

Жыйында саламаттыкты сактоо кызматкерлери тарабынан дени сак баланын төрөлүшү үчүн алдын-ала аткарылуучу иш-аракеттер туурасында атайын даярдалган материалдар көрсөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymaliev-deni-sak-ene-deni-sak-ulut



Добавить комментарий