Аида Исмаилова: Фарид Ниязов мени телефондон коркуткан

20 июня 2019 15:33 1308 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 20-июнда парламенттин жыйынында атайын комиссиянын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин  кол тийбестигин ажыратуу чечимин талкуулоо маалында депутат Аида Исмаилова Фарид Ниязов президенттин аппарат жетекчиси болуп турганда аны кантип коркутканын айтты.

Депутаттын айтымында, Ниязов ага телефон чалып алып маалым катты комитетке жеткирбөөнү талап кылган.   

"Фарид Ниязов  эгерде менин экспертим справканы комитеттин кароосуна алып бара турган болсо анда маселелер келип чыгарын айтты. Чындап эле кийин маселе келип чыкты”,-деп айтты Исмаилова депутат Ирина Карамушкинага кайрылып.  

“Мен өзүмдүн депутаттык ишмердигимдин маалында Раиса Атамбаеванын түшүнүксүз курбулары менен бет келишүүмө туура келди.Бул айрыкча саламаттыкты сактоо тармагында көп болду. Бул адамдар Раиса Атамбаеванын колдоосу менен билгендерин кылып атышты”,-деп нааразы болду депутат.

Буга байланыштуу Исмаилова Карамушкинаны бир тарапты колдоп чыга бербей  өз кесиптештеринин объективдүү сын-пикирлерин эске алууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-ismailova-farid-niyazov-meni-telefondon-korkutkan



Добавить комментарий