Замира Жолдошбек кызы: Жөн жерден Ахматбек Келдибековду урматтап калган жерим жок
“Ахматбек Келдибековго Талас облусунун жашоочуларынын атынан ыраазычылыгымды билдирем”, - дейт аталган облустун жашоочусу Замира Жолдошбек кызы Жогорку Кеңешке "Азаттык" партиясынан талапкер, парламенттин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков тууралуу колдоо пикирин бөлүштү.
"Мен сыйлаган, урматтаган саясатчынын парламенттик шайлоого катышканын угуп, чыны менен кубандым. Менин добушум Ахматбек Келдибековго. Жөн жерден Ахматбек Келдибековду урматтап калган жерим жок. Анын да себеби бар. Ал киши төрага болуп турганда Таластагы “Андаш” кенинин зыяндуулугун эске алып, элдин өтүнүчү менен жаптырып салган. Бирок, бийлик Келдибеков кызматтан кеткенден кийин эле ачып иштөөгө мүмкүнчүлүк берген. Ахматбек Келдибеков элдин суроо талабын аткарып, кенди жаптырганы үчүн чын дилимден ыраазымын. Ошон үчүн урмат сыйым жогору. Мына ошондуктан добушумду дал ушул саясатчыга берем",-деген жакшы каалоосун билдирди шайлоочу.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ахматбек Келдибеков шайлоого катышып жаткан “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын тең төрагасы болуп эсептелет.“Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.
Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү)
Добавить комментарий ×