Ахматбек Келдибеков: Жолду Кыргызстандык ишканалар гана курат деген принципке туруубуз керек

24 ноября 2021 16:24 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө күнүмдүк турмушта колдонулуучу товарлардын баары сырттан келет. Импорттун көлөмү 80-90 пайызды түзүп, өндүрүш токтоп калды. Экспорт жокко эсе. Жок дегенде тамак-аш, азык-түлүк продукцияларына болгон импортко чектөө киргизип, тескерисинче экспорттоого өтүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков шайлоочулардан келген суроолорго  жооп берип жатып билдирди.

“Азаттык” демократиялык партиясы өлкөдөгү кризисттик кырдаалдан чыгуунун жолун сунуштайт.

30 жыл ичинде жол куруу тармагына  2 миллиарддан ашык доллар акча карызга алыптырбыз. Бирок ал жолдорду ким курду. Мамлекетчил болбогондугубуздан башка мамлекеттин компанияларын иштеттик. Алар бизге 2 млрд сомдук жолду куруп, акчаны өз мамлекетине алып кетишти, өздөрүнүн жарандарын иштетишти. Эгерде биз башынан принципке туруп, “жок жолду биздин өзүбүздүн жол куруучу компаниялар курат, Кыргызстандын жарандары иштейт” десек кыргыз жол куруучу компаниялар бутуна туруп калмак. Учурда Каракол-Балыкчы жолун эки кыргыз жол куруучу компаниялары куруп жатат. Алардын салыктары дагы биздин өлкөдө калат, техникалары жакшырат, жумушсуздар жумуш менен камсыз болуп жатат. Андан сырткары эртең тышкы рынокко чыгып жол курууга мүмкүнчүлүк пайда болот. 

Жолду Кыргызстандык ишканалар гана курат деген принципке туруубуз керек. Бул экономикалык кризистен чыгуунун бир жолу.

Көмүр маселеси да бар. Жыл сайын Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Казакстандан  1 млн тоннадан ашык көмүр сатып алабыз. Ооба, мен түшүнөм союз тарап, өлкөдө оор кырдаал болду, баары талкаланды. Бирок, андан бери 30 жыл өттү да. Кара-Кече, Таш-Көмүр, Миң-Куш, кайсыл жерден көмүр чыкса ошол жердин көмүрүн алсак болот болчу. Тендери жок эле, кымбатыраак  алса  болмок. Анткени, салык өзүбүзгө калып, жумуш орундары түзүлмөк. 

ЖЭБ кыш мезгилин күтпөй көмүр чыгарган ишканалар менен келишим түзүп, алдын ала даярдык көрүү кажет. Кыш келгенче кампага көмүрдү түшүрүп коймок. Аны менен катар көмүр чыгарган ишканалар жаңы техникалар менен камсыз болмок. Мындай маселелерди мамлекеттик деңгээлде чечишибиз керек.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ахматбек Келдибеков шайлоого катышып жаткан “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын тең төрагасы болуп эсептелет.“Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

Ссылка: https://barometr.kg/ahmatbek-keldibekov-zholdu-kyrgyzstandyk-ishkanalar-gana-kurat-degen-principke-turuubuz-kerek



Добавить комментарий