Ахматбек Келдибеков менен Иса Өмүркулов акысыз бургер жегенге барышты
Поделиться в:
Бишкекте кечээ, 25-мартта Тиматинин Black Star Burger кафесинин ачылышына белгилүү саясатчылар да барышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов, парламенттин экс-депутаты Ахматбек Келдибеков бургер кафенин ачылышына барган сүрөттү активист Адил Турдукулов Твиттердеги баракчасына жүктөдү.
“Буларга кара Бургер суутуп коюптурбу”,-деп жазды ал.
Соцтүйүндүн колдонуучулары буга ар кандай пикир жазып жатышат.
Эскерте кетсек, кечээ 25-мартта «Азия Молл» соода борборунда россиялык рэп-аткаруучу Тимати (Тимур Юнусов) шаардыктарга акысыз бургер таратууну убада кылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ahmatbek-keldibekov-menen-isa-mrkulov-akysyz-burger-zhegenge-baryshty
Добавить комментарий ×