Ахматбек Келдибеков: “Кыргызстан бизден башка эч кимге керек эмес!”

21 ноября 2021 16:21 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн шайлоо эмне үчүн кызыксыз болуп жатат. Анткени, концерт жок! Бекер тамак жок!  Акча таркатмай жок! Ошон үчүн кызыксыз болуп калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

"Кыргызстанда бүгүн мигрант болбой ким калды? 750 миң пенсионер, 400-500 миңдей мектеп жашындагы окуучулар, студенттер жана мугалимдер калды. Андан сырткары ишкерлик менен алек болгон 100 миң ишкер, 200 миң чиновник калды. Анан иштемек тургай өз эшигин шыпырбаган бекерчи калды. 

А миллиондогон  мигранттарыбыз башка өлкөдө тиричилик кылып, үй-бүлөсүн, ага кошуп өлкөнү багып жатат. 

Мына ошолор Кыргызстандын келечеги. Алар адилетсиздикке, кайдыгерлик менен бекерчиликке чыдабай башка өлкөдөн бакыт издеп кетишти. Бирок, эң негизгиси бир нерсени унутпайлы Кыргызстан бизден башка эч кимге керек эмес. 

Эч ким келип биз үчүн Кыргызстанды гүлдөтүп куруп бербейт. Чет өлкөлүктөр келип турмушубузду оңдоп берет деген бул куру кыял. Кыргызстан сизге анан бизге керек!" - деди Ахматбек Келдибеков.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ахматбек Келдибеков шайлоого катышып жаткан “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын тең төрагасы болуп эсептелет.“Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 21.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ahmatbek-keldibekov-kyrgyzstan-bizden-bashka-ech-kimge-kerek-emes



Добавить комментарий