Ага Хан фонду KICB банкынын 60 пайыз акциясына ээ болду
Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк” жабык акционердик коомундагы үлүшүн 48 пайыздан 68 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу аталган банктын маалыматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду (AKFED) KICB банктын төмөнкү акцияларын сатып алды:
-Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) акционеринен 4 пайыз (7 000 даана);
-Немец инвестициялар жана өнүгүү боюнча корпорациясынан (DEG) 4 пайыз (7 000 даана);
Европа реконструкция жана өнүгүү акционеринен (EBRD) 3,999 пайыз (6 999 даана).
Учурда фонд аталган банктын 60 пайыз же болбосо 105 000 даана акциясына ээ болуу менен контролдук пакетти алды.
Ссылка: https://barometr.kg/aga-han-fondu-kicb-bankynyn-60-pajyz-akciyasyna-ee-boldu
Добавить комментарий ×