Африкада бийиктиги 2,5 метрге жеткен сел жүрдү

20 июня 2018 21:20 1300 Barometr
Поделиться в:
ok

Африканын батыш тарабындагы Кот-д-Ивуар өлкөсүнүн экономикалык борбор калаасы Абиджанда катуу жааган жамгырдан улам сел каптады. Бул тууралуу CGTN маалымат каражаты жазды.

Берилген маалыматка ылайык, 7 сааттан ашык жааган катуу жамгыр бийиктиги 2,5 метрге жеткен селге айланып, анын кесепетинен 18 ден ашык адам каза болгон. Жергиликтүү тургундун айтымында, автоунааларды, үйлөрдү оңой эле агызып кеткен.

Абиджанда апрель айынан октябрь айларына чейин жаандуу сезон болуп саналат. Буга чейин мындай кырсык 1996-жылы 29-майда болгон. Тилсиз жоо 28 ден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/afrikada-bijiktigi-25-metrge-zhetken-sel-zhrd



Добавить комментарий