Афганистандын Кыргызстандагы элчисинин милдети аяктады
Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Жээнбеков Мохаммад Иса Месбахтын кыргыз-афган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Афганистан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Афганистандын Элчиси Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганын баса белгиледи.
Өз ишин жүргүзүүдө демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине ыраазычылык айтып, кыргыз-афган эки тараптуу кызматташуусу мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/afganistandyn-kyrgyzstandagy-elchisinin-mildeti-ayaktady
Добавить комментарий ×