Афганистандагы жагдайдан улам Тажикстан резервдеги 20 миң аскерин мобилизациялайт
Поделиться в:
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик-афган чек арасын чыңдоо үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону өлкөнүн Коргоо министрлигине тапшырды.Бул тууралуу Asia-Plus булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Буга чейин “Талибан” кыймылы басып киргенде афган аскерлери Тажикстандын аймагына качып кирген. 4-июлдан 5-июлга караган түнү чек арадан бир миңден ашык афган аскери өткөн.
Аталган чечим 5-июлда Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Расмий маалыматтарга таянсак, учурда “Талибан” жоочулары менен кагылышта Тажикстанга качып келген афган аскерлеринин саны 1500 миңден ашты.Ошондой эле аталган өлкөдө Тажикстандын аймагына качкындардын келиши күтүлүүдө.
Добавить комментарий ×