Афганистанда Талибтердин колунан 60 адам бошотулду

4 августа 2018 01:30 1111 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Афганистандагы Гильменд провинциясында "Талибан"дардын камоо жайынан аскерлер 60тай адамды куткарды. Бул туурасында Кабулдагы TOLOnews  телеканалы билдирет. . Гильменд провинциясындагы армиянын командири Муниб Амирдин маалыматы менен камалгандарды бошотуу бейшемби күнү Каяки районунда болгон. Учурда Афганистандагы кырдаал курч бойдон калууда.

Радикалдуу күчтөр деп аталган талибтер райондордогу айрым айылдарды басып алууда. Алардын арасында карапайым калк аскерлешкен армия менен талибдердин курмандыгы болуп калууда. Ошондой эле Афганистандын территориясында Ислам мамлекети деп аталган террористтик топтор дагы кучөп жаткандыгы айтылууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/afganistanda-talibterdin-kolunan-60-adam-boshotuldu



Добавить комментарий