Афганистанда 9 жаштагы кызды күйөөсү муунтуп өлтүрдү деп шектелүүдө

31 июля 2018 22:00 2843 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Афганистанда 9 жаштагы жаш аялын  муунтуп, сабап өлтүргөн деп анын күйөөсү шектелүүдө. Бул туурасында "Tolo News" маалымат агенттиги жазган деп билдирет.

 Шарафуддин аттуу 35 жаштагы киши качып кетип, учурда ички иштер органдары тарабынан изделүүдө. Ошондой эле 9 жаштагы кыздын атасы дагы издөөгө алынды. Ал  кызын жашы жетелекте кыйнап күйөөгө бергендиги үчүн айыпталып жатат. Мындан эки жыл мурун эки кландын ортосундагы каршылыктарды токтотуу максатында кызын күйөөгө узаткан. 

9 жаштагы Сами Шарафуддиндин экинчи аялы болуп тийген. 

Ссылка: https://barometr.kg/afganistanda-9-zhashtagy-ayalyn-kjs-muuntup-ltrd-dep-shekteld



Добавить комментарий