Жүргүнчү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат калп
“Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул каттамдын жүргүнчүлөрү бардык тийиштүү процедуралардан өтүшкөн. Бул тууралуу "Манас" эларалык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 22-мартына чейин коронавирусун жуктургандардын саны 1000ден аз болгон, эпиджагымдуу өлкөлөрдөн келгендердин баары тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин үй карантинине жиберилген болчу.
Республикалык штабдын чечими боюнча 22-марттан тарта чет өлкөлөрдөн учуп келген бардык жүргүнчүлөр тийиштүү процедуралардан – паспорт көзөмөлү, санитардык-карантиндик пункттан өткөндөн кийин, обсервация жайларына жеткирилүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/aeroportton-z-bilemdik-menen-chygyp-ketti-degen-maalymat-chyndykka-dal-kelbejt
Добавить комментарий ×