Аэропорттогу иш таштоонун чыгымы 13 миллион еврого жетиши күтүлүүдө

12 февраля 2019 12:02 1001 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бельгиянын борбор шаары Брюссель аэропортундагы жумушчулар жасай турган иш таштоонун өлкө экономикасын 13 миллион евролук чыгымга учурата турганы билдирилди.

Брюссель аэропортунун башкы директору Марк Дешемеккер, жергиликтүү медиага берген билдирүүсүндө, жумушчу профсоюзунун 13-февралда ишке ашыра турган иш таштоонун себебинен Брюссель аэропортторунун бардык каттамдары жоюлганын эске салды.

Марк Дешемеккер, аты аталган иш таштоонун себебинен Брюссель аэропортуна каттоолордун чөйрөдөгү өлкөлөрдүн аэропортторуна өткөрүлгөнүн белгилеп, иш таштоонун чыгымынын 10-13 миллион еврону чапчый турганы маалымдалды.

Брюссель аэропортундагы иштегендердин иш таштоо чечимин чыгарышынан кийин Брюссель аба жолдору, бул күндөрдө 222 каттамды жоюу чечимин чыгарган.

Бул чечим себеп болгон учууга тыюу салуулардан жалпы 16 миңдей жүргүнчүнүн таасир алаары күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/aeroporttogu-ish-tashtoonun-chygymy-13-million-evrogo-zhetishi-ktld



Добавить комментарий