Аэропортто сөгүнгөн министрдин орун басары кызматтан кетти
Россиянын өнөр-жай жана соода министринин орун басары Дмитрий Овсянников тууган-туушканын көрүү үчүн Ижевск шаарына учуп келген. Бул өз кезегинде жалпы кабыл алынган изоляцияда болуу тартибин бузгандык болуп саналат. Овсянников Москвага учар алдында жагымсыз окуяга туш болгон.
5-апреоле Ижевск аэропортуна келип, текшерүү жайында турган темир издөөчү аппараттан өткөн. Бул учурда аппарат катуу үн чыгарып, жүргүнчүнүн жанында темир буюмдар болушу ыктымалдыгын билдирген. Бирок Овсянников чөнтөгүндөгүлөдү чыгарып көрсөтүүнүн ордуна, ал министрдин орун басары экенин ырастаган күбөлүгүн чыгарып көрсөткөн.
Күзөттө турган кызматкер күтүү залына учакка билети гана барлар кирерин, карантин учурунда ушундай эреже чыкканын айткан. Бирок ага министрдин орун басары көнгөн эмес. Ал бардык кырдаалда адамча сүйлөшүп чечкендин ордуна, күзөттө тургандарды ашата сөгүп, каттоо жайына чуркап кеткен. Аны полиция кармап, бейбашчылык үчүн протокол түзүлгөн. Эми бул ишти Удмуртиянын соту 27-апрелде карайт.
Овсянников “Единая Россия” партиясынын мүчөсү, бирок ал кылган кылыгы үчүн партиянын катарынан чыгарылды. Ошондой эле, министрдин орун басары кызматынан да кетери турган иш.
Ссылка: https://barometr.kg/aeroportto-sgngn-ministrdin-orun-basary-kyzmattan-ketti
Добавить комментарий ×