Аэропортко барчу жүргүнчүлөрдү эртерээк камынууну суранышты
Поделиться в:
“Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коому Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү учурунда Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилерин эскертет. Буга байланыштуу ААК жетекчилиги баардык уча турган жүргүнчүлөрдөн аэропортко эрте жолго чыгууну өтүнөт.
12-июндан 15-июнга чейин “Манас” аэропортунун унаа жолунан тартып мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына барчу жол маал-маалы менен жабылып турмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/aeroportko-barchu-zhrgchlrd-ertereek-kamynuunu-suranyshty
Добавить комментарий ×