


Адылбек Касымалиев менен Беларусь премьер-министри актуалдуу маселелерди талкуулашты
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларусь күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Адылбек Касымалиев беларусь тарапка меймандостукта жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, боордош элдерди көп кылымдык байланыштар, жалпы тарыхый мурастар, тыгыз маданий-гуманитардык байланыштар байланыштырып турганын белгиледи.
“Кыргызстан менен Беларусь ар дайым ишенимдүү өнөктөштөр болуп келген жана бүгүн биз кызматташуубузду жаңы, жогорку деңгээлге көтөрүүгө даярбыз”, - деди ал.
Өз кезегинде Александр Турчин, Адылбек Касымалиевдин расмий жумуш сапары эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн тармактарында мындан аркы өнүгүүсүнө түрткү берип, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берерин билдирди.
Өкмөт башчылары кыргыз-беларусь кызматташтыгынын абалын талкуулап, келечектүү багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө умтула тургандыгын ырасташты.
Добавить комментарий ×