Адистер грипптин жана КРВИнин алдын алуу жолдорун айтып берди
Күз-кыш айларында жарандар көбү курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен сасык тумоого чалдыгышат. Анын алдын алуунун бир нече жолдорун сиздерге сунуштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги сууктун түшүшү менен аталган оорулардын күч аларын эскертип келет. Ал эми окумуштуулар күздөгү вирустук инфекциялардын күч алышы коронавирустун болжолдуу экинчи толкунуна кошул-ташыл болорун айтышкан.
Буга байланыштуу Республикалык штаб ооруларды алдын алуунун жолдорун айтып берди:
Туура тамактануу жана физикалык активдүүлүктү сактоо керек.
Эгерде Сиз (же балдар) ооруп калса, үйдө калыңыз, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз жана эл көп чогулган жерлерге барбагыла (майрамдык иш-чаралар), анткени инфекцияны жуктуруп алуу жана оору күчөп кетиши мүмкүн.
Ооруну күчөтүп албаш үчүн жана өз убагында тийиштүү дарылануу үчүн жашаган жериңиздеги Үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылыңыз.
"Жөтөл этикетин" сактаңыз - чүчкүрүп же жөтөлгөндө оозду жана мурунду жабыңыз, колуңуз менен оозду, мурунду жана көздү кармабаңыз.
Үй жаныбарларын кароодо өздүк гигиенаны сактаңыз!
Дайыма колду самын менен жууп жана курамына спирт кошулган каражаттар менен тазалап туруңуз (өзгөчө колдор менен оозду, мурунду же инфекция бар болгон жерлерди кармай турган болсоңуз).
Бөлмөнү маал-маалы менен желдетип туруңуз.
Эгерде Сиз ооруп жатсаңыз жана үйдө башка үй-бүлө мүчөлөрү бар болсо, вирустун таралышын алдын алуу үчүн медициналык беткап тагынып, ар бир 4 саат сайын алмаштырып туруңуз.
Ооруп жаткан адамды өзүнчө бөлмөгө бөлүү керек, өзүнө гана тийиштүү идиштер, сүлгү, башкача айтканда өздүк колдонуу предметтери болушу шарт, ал жаткан бөлмөнү маалы менен желдетип, нымдуу чүпүрөк менен сүртүп туруу зарыл.
Үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып же онлайн түрдө алдын ала кезекке жазылу) - дарыгер гана туура дарылоону жазып берет!
Өз алдынча дарыланбаңыз, ал ар кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал!
Ссылка: https://barometr.kg/adister-gripptin-zhana-krvinin-aldyn-aluu-zholdorun-ajtyp-berdi
Добавить комментарий ×