Адис: Алжып калуу оруусуна элүү жаштагылар да чалдыгат
Адатта деменция оорусу улгайган адамдарга таандык деген маалымат акылыбызга сиңип калган. Бирок бүгүнкү күндѳ андай маалыматты адистер тѳгүндѳйт. Бул тууралуу Barometr.kg редакциясына ден-соолукту чыңдоо боюнча адис Нурдин Сатаров ой бѳлүштү.
Акыркы күндѳрү элүү жаштан жогорку курактагы адамдардын жоголуп кеткени кѳп эле кездешүүдѳ. Булардын негизги себебин адис мындай түшүндүрдү. Адатта деменция, Альцгеймер оорусу (алжып калуу) оорусуна чалдыккан адамдар, үйлѳрүнѳ кайта албай калат. Кыргыздар бул ооруну алжып калган деп атайбыз.
Деменция – бул адамдын психикалык жактан жабыркашы. Адамдын жүрүм-турумундагы ѳзгѳрүүлѳр. Мисалы, мурда айдоочу болсо, алжып калуу оорусу менен жабыркаганда, автоунаасынын маторун ачып, чачып, жыйнап олтура берет. Ошондой эле, кимдир бирѳѳдѳн коркуп, жашынат же болбосо, бир нерселерин катып издеп таппай,унутуп калып, эстей албай кыйналат. Бул ооруга кантдиабети менен ооруган, инсульт болгон адамдар кѳбүрѳѳк чалдыгат. Бирок, дени соо адамдар, окмуштуулар, илимпоздор да жабыркашы мүмкүн.
Биздин ѳлкѳдѳ бул оору тууралуу атайын улуттук программалар жок. Алжып калуу оорусу бизде жабык. Адатта мындай ооруга чалдыккан адамды жаап жашырып, билгизбейт. Мунун себеби жарандарыбыз маалымат менен толук кандуу камсыз болгон эмес. Мамлекет тарабынан тиешелүү мекемелер менен атайын программалар, окуттулар болсо маалымат менен камсыздалмак.
- Эгер жакындарыңыз деменция оорусуна чалдыкса эмне кылуу керек?
- Аны сүрѳткѳ тез-тез тартып, жаңылап туруу керек. Жоголгон учурда ошол сүрѳт менен издѳѳ жеңил, эски сүрѳткѳ караганда. Анын чѳнтѳгүнѳ ар дайым маалымат баракчасы болуу абзел. Маалыматта аты жѳнү, жашаган жери, жакындарынын телефону. Ошондой эле, жакындары баары ооруга чалдыканына кабардар болуусу зарыл. Андан тышкары, кошуналар, сиздер жашаган үйгѳ жакын жайгашкан дүкѳндѳрдүн сатуучулары кабардар болгону жакшы. Албетте,укук коргоо кызматкерлери эң биринчи кабардар болуусу туура. Үйүңүздѳгү кирип чыгуучу эшикке күзгү илип койуңуз. Себеби кары адам эшикке чыгып бара жатканда күзгүнү карап, кайда бара жатканын, ким экенин эстеп, токтошу мүмкүн. Адатта, бул бейтаптар мурдакы нерселерин эсинен чыгарбайт. Ошондуктан мурдакы иштеген жерине бара бериши мүмкүн. Ошол себептен мурдакы иштеген жериндеги кесиптештерин да кабардар кылган туура.
- Оорунун кандай алдын-алуу жолдору бар?
- Оору адамдын психикалык жактан жабыркашы болуп жаткандыктан эс тутумду, мээни ар кандай жолдор менен иштетип туруу зарыл. Ар бир адам пенсияга чыккандан кийин эмне менен алектенерин алдын-ала пландаштырып, даярданышы керек. Эгер улгайган адам неберелерин караса, ден-соолугуна зыян келбегендей нерселерди тапшырган туура. Түймѳ түйгѳн, бармактарынын кыймылдашы, мээнин иштешин жакшыртат. Кайсы бир кино тасмаларды кѳрсѳ, ал эмне жѳнүндѳ болгонун сурап, айттырып турган жакшы. Адамдын мээси ар дайым ойлонуп иштеп турса чалдыгуу коркунучу азыраак. Эгерде жакыныңыз саатын түзүлүшүндѳгү сандарды ирети менен туура жазбаса, он эки деген сандан кийин, он алты, жыйынма деген сандарды колдонуп, улантса дароо адиске кайрылыңыз. Бул кѳрүнүш деменцияга чалдыкканын аныктайт.
Кыргызстанда калктын он пайызын карылар түзсѳ, Японияда калктын отуз пайызын карылар түзѳт. Япония бул маселе менен күрѳшүп келет. Мамлекет тарабынан атайын программалардын алкагында бейѳкмѳт уюмдар калкка Альцгеймер оорусу тууралуу маалымат берет. Бейтаптарды кантип кароо тууралуу жакындарын, жардам берген адамдарды окутууларды ѳткѳрѳт. Оорунун олуттуу учурунда атайын дары дармектерди мамлекеттик программанын негизинде колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/adis-demenciya-alzhyp-kaluu-oruusuna-el-zhashtagylar-da-chaldygat
Добавить комментарий ×