Адамга алгач ирет чочконун бөйрөгү салынды

21 октября 2021 11:36 1721 Barometr
Поделиться в:
ok

Нью-Йорктун хирургдары генетикалык жактан модификацияланган доңуздун бөйрөгүн адамга салышты.Орган нормалдуу иштеп жатат. Бул тууралуу New York Times булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Нью-Йорктун трансплантология бөлүмүнүн директору Роберт Монтгомеринин айтымында, жаңы орган жакшы иштеп жатат.Ал белгиленгендей генетикалык жактан модификацияланган чочколор “орган салууга туруктуу булак болуп калуу” мүмкүндүгү жогору.

“Бул медицинадагы чоң жетишкендик. Абдан эле зор ийгилик. Бирок биз азыр анын организмге канчалык узак убакыт кызмат кыларын билишибиз керек”,-дейт профессор.

“Эгерде доңуздардын органдары адамга трансплантация болсо, анда бул бөйрөккө трансплантацияны күтүп кезекте турган 100 миңдеген америкалыктардын маселесин чечмекчи”,-деп жазды басылма.

Ссылка: https://barometr.kg/adamga-algach-iret-chochkonun-bjrg-salyndy



Добавить комментарий