Адамдын турмушуна оң таасир бере турган бөлмө гүлдөрү
Айрым бөлмө гүлдөрү квартиранын интерьерин кооздоп гана тим болбой, адамын организмине күч-кубат, айлана-чөйрөгө тынчтык алып келет. Ошол эле маалда абаны нымдаштырып, аны кычкылтекке байытып, позитивдүү энергия тартуулайт. barometr.kg төмөндө бул өсүмдүктөрдүн топтомун сунуштайт.
Өсүмдүктөрдүн мындай уникалдуу өзгөчөлүктөрү НАСАнын окумуштуулары тарабынан далилденген. Изилдөө маалында бөлмө гүлдөрү комнатадагы токсиндердин деңгээлин 87 пайызга төмөндөтөрү белгилүү болгон.
Кайсы бөлмө гүлдөрү сиздин маанайыңызга оң таасир берет?
Кактус – электромагниттик нурланууну натыйжалуу төмөндөтөт, ошондуктан аны компьютердин жана телевизорлордун жанына койгон пайдалуу.
Герань - бөлмөдөгү абаны аябан тазартып, уйкунун тынч болуусун камсыздайт. Маанайды көтөрүп, баш ооруну басат.
Пеларгония- сыртынан караганда геранга окшошуп кетет, Ошол эле учурда ага окшош өзгөчөлүккө ээ.
Хлорофитум – ал абаны тазартуучу касетке ээ, ал формальдегид заттарын өзүнө бат сиңиргендиктен жаңы курулуп, жыгачтын, клейлерин жыты кете элек үйгө койгондо пайда алып келет.
Алоэ- дарылык өзгөчөлүгү жагынан алдына башка өсүмдүктү чыгарбайт. Байыртадан өсүмдүк үйгө сүйүү жана бакыт алып келет деп айтып келишкен. Ошондуктан аны уктоочу бөлмөгө койгон пайдалуу.
Лимон дарагы- депрессия менен суук тийгенде, алсыраганда пайдалуу. Андан 85 түрдүү пайдалуу заттар бөлүнөт.
Фикус - абаны нымдаштыруучу жана тазартуучу өзгөчөлүккө ээ. Ошондой эле терс энергияны жок кылып, агрессияны азайтат.
Бегония - бул гүл эмоционалдык абалды калыпка салып, адамдын иммундук системасын жогорулатат. Электромагниттик нурлануудан коргойт.
Ссылка: https://barometr.kg/adamdyn-turmushuna-o-taasir-bere-turgan-blm-gldr
Добавить комментарий ×