Адамдын мээси майды, тамекини, аракты жаман кѳрѳт. Акылдуу адамдар кантип жашашы керек?

9 октября 2019 15:36 7853 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Адистердин айтымында, адам баласынын мээси эмнеден чарчайт:

  • эртең менен чала тамактанганда же такыр тамактанбаганда,
  • машинаны айдап бара жатып, бир эле учурда телефон менен сүйлѳшкѳндѳ,
  •  тамеки тартканда,
  • спирт ичимдиктерин ичкениңизде,
  • дайыма стресс абалда жүргѳнүңүздѳ 

Адатта мээбизди кыйнайбыз, бирок кам кѳрбѳйбүз. Ошондуктан адистер мындай кеңеш берет.

«Сиздин мээңизге таза майлуу эмес тамак аш керек. Бирок таттудан баш тартпаңыз. Бал жеген пайдалуу. Мээге кара шокалад жагат  ага суу керек баарынан да жылмайюну жакшы кѳрѳт»,- дейт  нейрохирургдар.

Биздин айыбыздан мээбиз жабыркаганын мойунга албайбыз.

Эгер эртең менен ойгоноор менен планшет же уюлдук телефондон бошобосок –сиздин мээңиз рахмат айтпайт. Азыр адамдар социалдык баракчалар аркылуу гана сүйлѳшѳт. Бул туура эмес. Биз бири-бирибиз менен баарлашуу мамилелешүү үчүн жаратылганбыз. Өзүнчѳ жалгыз болуу туура эмес.

Эң алгачкы кадамдар ѳтѳ жѳнѳкѳй жана жеңил.Бул нерсени баардык адамдар жасай алышат. Эртең менен эрте туруп, денеңизди ойготуучу кыймылдарды жасаңыз, эки стакан бѳлмѳ температуурасындагы сууну ичиңиз. Эрте туруп, таза аба жутуп, үйдѳ желдетүү маанилүү. Эки стакан суунун бирѳѳсү ашказандын иштешин жакшыртат, экинчиси организмди ойготуп, иштѳѳгѳ даярдайт.

Уктаган учурда биздин мээбиз активдүү иштейт. Себеби ички органдарды иштѳѳсүн башкарып турат. Мындан тышкары эгер адам кандайдыр бир оор маселесин ойлоп уктаса, эртеси күнү ал маселенин чечүү жолу боюнча жооп болот. Анткени мээ ой, эс тутум, сезим менен байланышып,эртең менен идея берет. Ошондуктан уйкусуз түндѳрдүн сизге кереги жок.

Мээбиз майлуу нерсени ,тамекини спирт ичимдигин жаман кѳрѳт бирок кара шокаладды жактырат.

Тамеки же чылым чегүү жүрѳккѳ терс таасирин тийгизгендей эле, мээни да жабыркатат.

Эртең мененки тамакты жай шашпай ичиңиз. Жолдо баратып тамактанганыңыз туура эмес.

«Эртең мененки тамак жай тынч атмосферада болуучу зарыл. Ар бир даам татуудан ырахат алган маанилүү. Бир күн бою биздин организм толук кандуу туура иштѳѳ үчүн энегргия ,майда элементтер керек. Ал сиздин жакшы туура тамактанууңуздан»

Мээ майды этти жаман кѳрѳт

Эгер эт жеп кѳнүп калсаңыз пайдалуу этти алып, акчаңызды экономдоңуз. Мээге эттин эч кандай пайда алып келбесин унутпаңыз. Бирок эт денеге пайдасы зор. Ошондуктан каллориясы аз и индюктун жана балыктын этин жеңиз. Туздуу майлуу нерсени мээбиз жактырбайт.

Ал эми татуулар боюнча айтсак, канты кѳп болгондун баары пайдасыз.

Кара шокалад, ысык натуралдуу какао, бал – мээнин жакшы кѳргѳн азыктары

Түшкү тамактанууңуз тең салмактуу болгону туура. Татуу суусундуктарды ичпей, жѳнѳкѳй эле суу ичкен пайдалуу. Мээнин активдүү иштеген убакыттары 10.00-12.00 жана 16.00-18.00 эсептелет. Эгер ушул аралыкта чарчаса кофе менен жандандырыңыз.

Мээнин жакын досу күлкү!!

Адистин айтымында ,мээнин жакын досу жылмаю, күлкү. Ошондуктан терс эмоциялардан качып, кубанган, майда нерседен кубаныч алууну үйрѳнүңүз.

Мээни машыктырып туруу зарыл!

Унутчаактык кары адамдарга эле эмес ,жаштарга дагы коркунуч алып келет. Ошондуктан Альцгеймер оорусуна чалдыкпаш үчүн машугуу керек.

Адамдарга ачык болуу, мээни машыктыруу маанилүү. Сейилдеңиз,саякаттаңыз, китеп окуп, кино тасмаларды кѳрүңүз , жаңы нерселерди таанып билиңиз, башкатырмаларды чечмелеңиз. Кыймылдоо да абдан маанилүү. Үч маанилүү нерсе: сүйлѳшүү, жазуу кыймыл аракет. Музыка угуп бирок бийлебезбиз , бул туура эмес. Альцгеймер оорусун бий алдын алат.

Түнкү жакшы уйку  алты саатан кем эмес болуусу зарыл.Уйку мээни таштанды ойлордон арылтат. Саат 22:00 уктаңыз. Телевизор компьютерди уктаардан эки саат мурда кѳргѳн туура. Жатаардын алдында китеп окуган жакшы. Эгер ушул кеңештердин баарын сактасаңыз олутту ѳзгѳрүүлѳрдү байкайсыз!!!!

Ссылка: https://barometr.kg/adamdyn-meesi-majdy-tamekini-arakty-zhaman-krt-akylduu-adamdar-kantip-zhashashy-kerek



Добавить комментарий