Адамдар жүрѳгүнѳ тынчтык таппагандыктан ар нерсени издеп, суусап келишет….

30 октября 2019 16:13 1302 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Адамдын жүрѳгү эч качан эч нерсеге канааттанбайт. Доор ѳзгѳргѳрүшү менен, жаңы технологиялар ѳнүккѳн сайын адам баласынын талаптары да ѳсүп жатат. Жакында немец окумуштуулары атайын изилдѳѳлѳрүн жарыялашты. 

Анда акыркы 50 жыл аралыгында немецтер орто эсеп менен 400% бай жашап калышкан. Бирок бактысыз, депрессияга кѳп чалдыккан адамдардын саны 38% ѳстү. Мунун себеби эмнеде?

Окмуштуулар бул нерсени адамдын талабы тез –тез ѳзгѳрүп ,ѳсүп турганы менен байланыштырат. Баардык нерсеге жетүү оңой болгон сайын талаптар ѳсѳт дешет алар.

Ал эми дин ѳкүлдѳрү адам баласынын бул талабын  Barometr.kg маалымат агенттигине   мындай түшүндүрдү:

«Алгачкы адам жаралганда жүрѳгү сүйүүгѳ толгондуктан боштук болгон эмес. Качан гана адам Кудай айткан жемишти жеп, күнѳѳ кетиргенде жүрѳгүндѳ боштук пайда болгон.Ошондон бери адам баласы эч нерсеге каанаттанбай келет. Өзгѳчѳ акыр заман жакындаганда бул нерсе курчуйт. Адамдар жүрѳгүнѳ тынчттык таппагандыктан ар нерсени издеп, суусап келишет»,-деди.

Адамдын жан дүйнѳсүн канаатандыруу үчүн тамак аштын түрүн, эс алуунун сырларын, оюн зоок программаларын, ден-соолукту чыңдоо сырларын, автомобилдин түрүн ойлоп таап жатат. Күн сайын жаңы технологиялар пайда болуп, мүмкүн болушунча адам ѳзүнѳ ыңгайлуулуктарды түзүүдѳ. Канчалык жеңилдик,ыңгайлуулук ѳскѳн сайын дагы жеңилдикти самап келет. Жашоого болгон умтулуу жана үмүт болбогондуктан терс кѳрүнүштѳрдү, акылга сыйбаган нерселерди жасап келет. Бул кубулуштарга адамдын акылы жетпестигин окмуштуулар моюнга алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/adamdar-zhrgn-tynchttyk-tappagandyktan-ar-nerseni-izdep-suusap-kelishet



Добавить комментарий