Туура тамактануунун организмге пайдасы кандай?

8 февраля 2022 09:43 4702 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакшы өсүп, жетилип, жигердүү иштеп, ден соолук чың болуш үчүн жакшы жана туура тамактануу керек. Себеби, жакшы тамактануу-организмди керектүү заттар менен чыңдап, көптөгөн оорулардан сактайт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Адам баласы эптеп эле карын тойгозуш үчүн тамактаныш эмес, энергияга толгон, иммунитетти күчтүү, сергек жашоо үчүн тамактануусу керек. Андыктан, тамагыңыздар таттуу болсун!

Начар тамактануудан адам:

  • Шайы кетип, чарчайт;
  • Табити жоголот;
  • Кан аздык, анемия оорусу байда болот;
  • Адам оозунун эки тарабына жаралар чыгып, кургашы мүмкүн;
  • Ой жүгүртүү начарлап баш ооруйт;
  • Чачтар суюулуп, өңү өчөт жана түшө баштайт;

Төмөндөгү көйгөйлөрдүн башка да себептер бар, бирок кээде начар тамактануудан, оорунун күчөп кетишине алып келген учурлар да болот.

  • Ич өтүү, зат алмашуунун начарлашы;
  • Жугуштуу оорулардын көбөйүшү;
  • Кулак зыңылдоо;
  • Тиштин бүйлөөсүнүн каноосу же кызарып ооруусу;
  • Ашказандын жакшы иштебөөсү;
  • Теринин кургап кесилиши; жүрөктүн катуу согушу;
  • Тынчы кетип, жини бат келүү же акылдан адашуу оорууларына чалдыгуу;
  • Кара сарык (боор циррозу) болуу.

Ар түрдүү аш болумдуу тамак-аш адамды оорудан гана сактабастан, дененин оорууларга каршы күрөшүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ошондуктан ооруган адам аш болумдуу тамакты ар дайым каалап, каалабаса да жеп турууга тийиш. Аш болумдуу тамак бейтаптын тезирээк айыгып кетишине шарт түзөт. Жаш балдардын жакшы тамактанбай жүргөндүгүн, анын кол булчуңунун жоондугу көргөзөт. Эгерде, бир жаштан өткөн баланын кол булчуңунун жоондугу 13,5 сантиметрге жетпесе, анда бала начар тамактангандыктан организминин начарлап жаткандыгын билдирет. 

Негизги жана кошумча азыктар.

Дүйнө жүзүндөгү элдердин басымдуу бөлүгү бир өңчөй, арзан азыктарды жешет. Жашаган аймагына жараша, күрүч, жүгөрү, таруу, буудай, картошка болушу мүмкүн. Мындай негизги азыктар адатта денени күндөлүк азыктар менен гана камсыз кыла алат. Бирок ага карабай кошумча азыктар абдан керек. Аларды күндөгү негизги азыктарга кошуп керектөө керек. Негизги азыктарга өсүмдүк майы, шекер, бал сыяктуу дененин өсүшүнө пайдалуу жана жогорку сапаттагы азыктарды пайдалануу керек.


Ссылка: https://barometr.kg/adam-balasy-eptep-ele-karyn-tojguzush-chn-tamaktanysh-emes



Добавить комментарий