Абылгазиевдин 5 жылдык планы кандай?
Беш жылдыктан тышкары бир жылдык план кабыл алынат. Бул боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтер жана ведомство башчылары менен кеңейтилген курамда өткөрүлгөн жыйында айтылды.
“Биздин негизги милдет – Өкмөттүн программасында жазылган милдеттер, андан тышкары беш жылдык планды кабыл алдык. Беш жылдык планды кайра бир жылга бөлдүк – ар бир жыл эмне кылабыз.Мына ушуну так, өзүңүздөр аткара турган пландарды, максаттарды так жазып Премьер-министр менен кол коюлган өзүнчө план болуш керек. Ар бир министрлик менен жеке Премьер-министр өзү отурат, кол коюшабыз ким эмне кылат. 2019-жылда эмне кыласыңар, беш жылдын ичинде эмне кыласыңар, кандай өзгөрүү болот.Сөзсүз түрдө 2040-жылга чейинки Президентибиз бекиткен өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Стартегияда камтылган иш-чараларды камтышыбыз керек”,-деп ташырма берди прембер-министр.
Ошондой эле Абылгазиев планга Региондорду өнүктүрүү, санариптештерүү мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаранын баарын камтуу керек деп кошумчалады.
“Ал боюнча сиздер өзүңөрдүн башкарып жаткан тармактар боюнча иш-чараны иштеп чыгышыңыздар керек”,-деп белгиледи өкмөт башчы.
Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрүп, 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктарды белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/abylgazievdin-5-zhyldyk-plany-kandaj
Добавить комментарий ×