Абылгазиев: Жерүй комбинаты 35 жыл иштейт

8 июля 2019 08:31 8833 Barometr
Поделиться в:
ok

6-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жерүй алтын кенинде болду.

Өкмөт башчыга алтынды кантип казып алып жана иштетип чыгууну пландап жатышканын, ошондой эле ишкананын иштөө мөөнөтү менен технологияларын көрсөтүштү.

Жерүйдү иштетүүчү "Альянс Алтын" компаниясынын башкы директору Михаил Шубин өкмөт башчыга ишкананы декабрда ишке киргизише тургандыктарын айтты.

“Октябрь айында кенди каза баштайбыз. Адегенде кенди ачуу иштеринен баштасакпы деп пландап жатабыз, бул анча деле көп убакытты албайт, анткени кен жердин үстүңкү катмарында жайгашкан”,-деп айтты Шубин.

Андан кийин Шубиндин айтымында, алтын алуучу фабрика ишке берилет.

Өкмөт башчыга көрсөтүшкөндөй, алтын алуучу фабриканын 50 пайызы курулуп бүттү.

“Биз фабрикага дүйнөдөгү эң эле жакшы жабдууларды алдык. Кенди иштетүүдө компания экология үчүн коопсуз техникаларды колдонот”,-деп айтты Шубин.

Компания кенди иштетүүгө 165 млн доллар бөлдү, ишкананы ишке киргизгенден баштап дагы 270 млн доллар берүүсү күтүлүүдө.

Андан соң өкмөт башчыга калдык сактоочу жайдын курулушун көрсөтүштү.

Премьерге компаниянын кызматкерлери, калдык сактоочу жайды курууда алдыңкы технологиялар колдонулуп жатканын, ал Жерүй кенинде жана бүткүл аймакта экологиялык коопсуздукту камсыз кыларын айтышты.

Калдык сактоочу жай алтын алуучу фабрика жайгашкан Айлампа капчыгайынын аймагына курулууда.

Айлампа табигый барьер-тосмо боло турган обочолонгон аймак. Ал тургай 9 баллдык жер титирөө дагы калдык сактоочу жайга эч кандай коркунуч алып келбейт, анткени бул кургак коопсуз породанын склады болуп саналат.

“Биз жабдуулар менен материлдардан эч кандай үнөмдөбөйбүз, биз үчүн кымбат болсо мейли эң сапаттуусун пайдалануу маанилүү. Бизге арзан сатып алуу тууралуу сунуш түшкөн,бирок экология менен өндүрүштүн коопсуздугунда үнөмдөбөйбүз”,-деп эскертишти адистер.

Абылгазиев компаниянын ишине ыраазы болду. Жолугушуунун соңунда өкмөт башчы долбоордун келечеги тууралуу айтып берди.  

Жерүй- эң ири долбоорлордун бири. Комбинат 30-35 жыл иштейт. Кен казып алуучу бул арада салык түрүндө 580 млн долларды бюджетке төлөйт, бул жерде кызматкерлердин айлыгы менен башка которууларды эске албаганда. Ишкана иштей баштагандан тартып 1,5 миң адам кенде иштеп, орточо айлык акысы 500 доллар болот. Жалпы кызматкерлердин 90 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт. Бул абдан жакшы жаңылык, биз келип кенди иштетүүчүнүн маселелерин билели дегенбиз,бирок өзүңүздөр көрүп тургандай компания ишин эң сонун аткарып жатыптыр. Россия менен биз стратегиялык шериктештербиз, бизге россиялык инвесторлорлун келип жатышы, эки эсе кубандырат”,-деп айтты Абылгазиев.

Компания фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүүгө ниеттенүүдө - 1 млн 300 миң тонна кенден жылына 4-5 тонна алтын алууга ниеттенүүдө.

Компания Жерүйдүн доре куймасы түрүндөгү алгачкы алтынын алгандан кийин КРда алтынды аффинаждоону пландап жатат, ошол эле маалда аффинаждалган баалуу металлды КРнын өкмөтү менен Улуттук банкынын сатып алуу укугуна артыкчылык берүүгө милдеттенмекчи.

Фабриканы Казакстандын ТОО ААЕngineering Group компаниясы куруп жатат, аны менен Жерүйдүн кен иштетүүчүсү-«Альянс-Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому 2018-жылы алтын алуучу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулушу үчүн ЕРС-контракт түзгөн.

“Биз аткарылган иштердин сапатына катуу көзөмөл жүргүзүп, ал тургай күнү-түнү видео байкоого алып жатабыз. Жерүй кениндеги баардык иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана дүйнөлүк стандарттарды бекем сактоо, анын ичинде экологиялык-техникалык коопсуздукту сактоо менен жүргүзүлүүдө”,-деп айтты Шубин журналисттерге.

 

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-zherj-kombinaty-35-zhyl-ishtejt



Добавить комментарий