Атамекендик сериалдарды тартуу үчүн каражат бөлүнөт
Жаштарды тарбиялоодо кинематографиянын ролу кыйла маанилүү. Бул тармакты өнүктүрүүбүз зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушууда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
«Мен көптөгөн атамекендик тасмаларды көрүп жүрөм. Алардын арасында сапаттууларынын бар экендиги кубандырат. Анын ичинде «Дарак ыры» мюзикли эл тарабынан жакшы кабыл алынып, татыктуу баа берилди. Актёрлордун оюну, ырларды тандоо, декорация. Баары көрүүчүлөрдү тамшандырат. Тасма маанилүү, калктын кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү, жеңил берилген. Эң башкысы – мюзиклде адеп-ахлактык жана тарбиялык багыт бар. Бүгүнкү замандын чындыгында бул келечек ээлери үчүн маанилүү аспект», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы белгилегендей, кино жайылтуу ыкмасы катары өтө жогорку эмоционалдык таасир бере алат.
«Келечек муунду руханий өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик буйрутманын алкагында атамекендик сериалдарды тартуу үчүн финансы каражаттарын бөлүү чечими кабыл алынды. Азыркы тапта жаш муунга таасир берген терс көрүнүштөр көп. Жаштарды тасмалар аркылуу да адамдык баалуулуктарды сиңирип тарбиялоого болот. «Кыргыз керемети» деп аталып келген кино аркылуу өсүп келе жаткан муунга биз үчүн сактап калуу баалуу жана маанилүү болгон нерселер тууралуу айткыбыз келет», - деп белгиледи ал.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тематикалык телесериалдар түрүндө улуттук аудиовизуалдык продукцияларды түзүү үчүн 30 млн сом бөлүндү.
«Киносериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак 2020-жылдын январь айынын аягына чейин жарыяланат. Биз сценарийлерде идеология болуш керек деп эсептейбиз. Тасмадагы эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт», – деп белгиледи Абылгазиев.
Жолугушуунун соңунда өкмөт башчы «Дарак ыры» мюзиклинин авторлоруна кыргыз элинин тарыхын пропагандалаган кинокартинаны тартканы үчүн ыраазычылык билдирди. «Дарак Ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристти Айбек Дайырбеков Премьер-министрдин атынан энчилүү саат менен сыйланса, фильмдин продюсери Толкун Дайырбековага алкыш жарыяланды.
Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-zhashtardy-tarbiyaloodo-kinematograftyn-rolu-kyjla-maanil
Добавить комментарий ×