Абылгазиев ТИМдин борбордук аппаратынын жамаатына Чынгыз Айдарбековду Тышкы иштер министри катары тааныштырды

18 октября 2018 09:10 925 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына кыргыз республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалган Чыңгыз Айдарбековду тааныштырды.


Өкмөт башчы тышкы саясат ведомствосунун жаңы жетекчисинин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп өттү.

 
Ошондой эле ал министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн оңдуу аброюн түзүүдөгү жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине басым жасады.

 
Премьер-министр жаңы министрдин ишине ийгиликтерди каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-timdin-borborduk-apparatynyn-zhamaatyna-chyngyz-ajdarbekovdu-tyshky-ishter-ministri-katary-taanyshtyrdy



Добавить комментарий