Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстан премьери телефондон сүйлөштү

2 апреля 2020 15:59 744 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн 2-апрелде, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстантын өкмөт башчысы Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди.  

Анда эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Өзбекстандын коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүгө көрсөткөн колдоосун жогору бааларын белгилеп, өзбек тарапка берген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын айтты.

2-апрелде Ош облусуна Өзбекстандан 1000 тонна ун,  7000 комплект  медициналык коргоочу костюм,  бир жолу колдонулуучу № 95 респиратордон 2000 даана, 20 000 кол кап,  500 коргоочу көз айнек, 200 даана медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы, ошондой эле аларга тийиштүү болгон реагент келди.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-menen-zbekstan-premer-ministri-telefon-menen-bajlanyshty



Добавить комментарий