Абылгазиев: “мен ачка калам” деген ойдон алыс болуш керек

16 марта 2020 11:42 1091 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат жыйын куруп, анда элди ачка калам деген ойдон алыс болууга чакырды.

“Кызыл кулактыкка жол бербеш керек. Азык-түлүк калбай калат деген болбойт. Биздин эл буга чейин ачарчылыкты өткөрдү. 30-жылдары жана Ленинград блокадасын да көргөнбүз. Азыркы заманда “мен ачка калам” деген ойдон алыс болушубуз керек”, — деди ал.

Абылгазиев андан сырткары азык-түлүк боюнча маселе болбой турганын айтып, ишендирди. Себеби өкмөт жалпы 800 миллион сомду ун жана ун азыктарын сатып алууга бөлдү.

“400 миллион сом бюджеттен бөлүп, “Айыл банк” менен РСК банкы 200 миллион сомдон бөлүп, жалпы 800 миллион сом буудай, ун алып келүүгө жумшалат. Азыр биздин кампаларда 60 миң тоннадан ашык ун, буудай бар. Аларды жетишпей жаткан жерлерге чыгарабыз. Биз койгон баа менен сатылат”, — деди Абылгазиев.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-men-achka-kalam-degen-ojdon-alys-bolush-kerek



Добавить комментарий